• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Ташкентте Кыргызстан менен Өзбекстандын маданий алакалары талкууланды

Коом 0

Ташкент, 18.12.24. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Күн мурун Ташкентте Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоого арналган брифинг өттү, деп билдирет Өзбекстан улуттук маалымат агенттиги.

Өзбекстандын Маданият министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Сирожиддин Усаровдун айтымында, өзбек жана кыргыз элинин тарыхы бир, жалпы үрп-адат жана маданиятка ээ.

"Эки өлкө лидерлеринин саясий эркинен улам мамилелерибиз жаңы маани-маңызга ээ болууда. Элдерибиздин кызыкчылыгы үчүн эки тараптуу байланыштар, айрыкча маданий кызматташтык жаңы деңгээлге көтөрүлдү", - деди ал.

Тактап айтканда, Өзбекстандын президентинин "Кыргыз Республикасынын маданият жана искусство тармагынын өкүлдөрүнө ардак наам ыйгаруу жөнүндө" жарлыгына ылайык, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын эстрада-симфониялык оркестринин көркөм жетекчиси жана башкы дирижёру Нур Өмүрбаевге "Өзбекстан Республикасынын Эл артисти" ардак наамы ыйгарылды. Ошондой эле комузчу, жеке музыкант Дүйшөнбек уулу Закирбек "Өзбекстан Республикасынын Эмгек сиңирген артисти" наамына ээ болду.

Ошондой эле Кыргызстандын президентинин "Ардак наамдарды ыйгаруу жөнүндө" жарлыгы боюнча Өзбекстандын маданият министри Озодбек Назарбековго "Кыргыз Республикасынын Эл артисти" ардак наамы берилди. Өзбек улуттук музыкалык искусство институтунун "Маком аткаруу" кафедрасынын улук окутуучусу Фарангиз Махмудовага "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти" ардак наамы ыйгарылды.

С. Усаров президент Садыр Жапаровдун Өзбекстандын маданият министри Озодбек Назарбековду кабыл алган учурда эки элди кылымдардан бери достук жана ынак коңшулук байланыштары бириктирип келет. 1992-жылы дипломатиялык мамилелер орногондон бери эки тараптуу байланыштар жаңы деңгээлге чыгып, маданият бул өнөктөштүктү чыңдоодо негизги ролду ойнойт, деп айтканын баса белгиледи.

Кыргызстандын жолбашчысынын быйыл Өзбекстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында Ташкентте жана Бухарада Кыргызстандын маданият күндөрү ийгиликтүү өткөнү, бул иш-чаралар кыргыз-өзбек достугуна арналган гала-концерттерди, көргөзмөлөрдү жана кино көрсөтүүлөрдү камтып, өзбекстандыктардын купулуна толгонунуна өзгөчө көңүл бурулду. Садыр Жапаровдун 2025-жылы Кыргызстанда өтө турган Өзбекстандын маданият күндөрү эки элдин жакындашуусунда маанилүү окуя болоруна ишенимин билдиргени чоң ыраазычылык менен айтылды.

Брифингде 2023-жылдын 15-декабрында Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Өзбекстан жана Кыргызстандын өнөр устаттарынын катышуусунда музыкалык кечээ өткөнү тууралуу кенен маалымат берилди.

Жалпысынан алганда, 2017-2024-жылдар аралыгында маданият жана искусство тармагында бир катар ийгиликтүү долбоорлор ишке ашты. Эки өлкөнүн чек ара аймактарында эстрада ырчыларынын концерттери үзгүлтүксүз уюштурулуп, элдердин руханий жакындашуусуна өбөлгө түзүүдө. Мындан тышкары, Өзбекстан менен Кыргызстандын улуттук майрамдарында ар кандай маданий иш-чаралар жана салтанаттар өткөрүлүп келет.

"Бул иш-чаралар эки өлкө ортосундагы достук мамилелерди мындан ары чыңдап, кызматташтыкты, ынак коңшулук байланышты, өз ара сый-урматты жана тең укуктуулукту бекемдөөгө өбөлгө түзөт", - деп жыйынтыктады Усаров.

Пикир

Оставить комментарий