• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Ташкентте стрит-арт жанрында тартылган "Мона Лизанын" сүрөтү өчүрүлдү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 13.07.21. /Кабар/. 27-июнда Ташкент шаарына караштуу Чилназар районундагы имараттарын биринде стрит-арт жанрында тартылган Леонардо да Винчинин "Мона Лиза" картинасы өчүрүлдү.

33 жаштагы Абдурахмон аттуу сүрөтчү былтыр пандемия күчөп турган маалда Little Harvard School деп аталган жеке мектептин дубалына Мона Лизанын беткапчан сүрөтүн тарткан.

Сүрөттү тартууга мектептин жетекчилиги уруксат бергени менен жакында аны кайра толук боеп, өчүрүп салышканы белгилүү болду.

“Тилекке каршы, бул адамдар искусстводон алыс”, - деп билдирди сүрөтчү.

Little Harvard School жеке мектебинин директору Шахида Исроилова сүрөт ары-бери өткөндөрдүн көңүлүн өтө буруп, жаштар арасында сүрөткө түшө турган жерге айланганына байланыштуу өчүрүүгө туура келгенин айтты.

“Биздин жаштардын руханий принциптерине каршы келген кийимдерди кийген кыз-жигиттер бул картинанын алдында сүрөткө түшүп жатышты. Алар сүрөткө телефон номурларын жазып, жолугуша турган жерге айландырып алышкан. Биз окуучуларыбызды тышкы терс таасирлерден коргоо үчүн ушундай кадамга бардык. Болбосо Леонардо да Винчи жана анын эмгектерине каршы эмеспиз”, - деди ал.

Анткен менен көз карандысыз AsiaTerra басылмасы сүрөттүн өчүрүлүшүн Ислам цивилизацияларынын борборунун кызматкери Аброр Абдуазимовдун билдирүүсү менен байланыштырууда. Ал өткөн айда Ташкенттеги китеп дүкөндөрүнө жасалган "рейддин" жүрүшүндө "Леонардо да Винчи жана Рембрандт сыяктуу батыш сүрөтчүлөрүнүн эмгектери өзбек эли үчүн жат экенин" айткан.

Пикир

Оставить комментарий