• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Ташкентте "Түрк тилдүү мамлекеттердин улуттук музыкалык аспаптары" китебинин бет ачары өттү

Маданият 0

Ташкент, 25.10.24. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Ташкентте күнмурун болуп өткөн "Жаңы Өзбекстанда маданият жана искусство тармагындагы реформалар" эл аралык форумунун алкагында "Түрк тилдүү мамлекеттердин улуттук музыкалык аспаптары" китеп-атластын бет ачары болду.

Долбоорду каржылаган Түрк маданияты жана мурасы фондусунун президенти Актоту Райымкулованын айтымында, музыка түрк элдеринин жашоосунда чоӊ мааниге ээ, анткени алардын жалпы салттары жана үрп-адаттары мүнөздүү музыкалык стилдер жана формалар менен байланышкан.

"Назарыңыздарга сунуш кылынган бул жыйнактан түрк дүйнөсүнүн түрдүү музыкалык аспаптары тууралуу илимий булактарга негизделген көптөгөн маалыматтарды таба аласыз. Бул китеп алты түрк өлкөсүнүн илимпоздору, искусство тарыхчылары жана музыканттарынын биргелешкен эмгеги болуп, окурмандарга түрк дүйнөсүнүн музыкалык аспаптарынын сүрөттөрүн көрүп, алардын маани-маңызын ачууга чоӊ багыт берет", - деди ал.

Долбоор Узаир Хажибейли атындагы Баку музыкалык академиясынын ректору, СССРдин жана Азербайжандын Эл артисти, профессор Фархад Бадалбейли жана Түрк маданияты жана мурасы фондунун биринчи президенти Гүнай Эфендиева жетекчилигинде жүзөгө ашырылган.

Кыргызстан тараптан жыйнактын калыптанышында КР Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, КР Улуттук илимдер академиясынын А. Алтмышбаев атындагы философия, укук жана социалдык-саясий изилдөөлөр институтун тарых, фольклор теориясы жана салттуу музыкалык искусство бөлүмүнүн башчысы, Искусство таануу илимдеринин доктору, профессор Роза Аманова катышкан.

Басмада кыргыздын жыгач ооз комуз, темир ооз комуз, добулбас, керней, сурнай, сыбызгы, чоор, чопо чоор, комуз, жетиген, кылкыяк сыяктуу улуттук музыкалык аспаптары тууралуу кенен маалымат берилген.

Жыйнак 2023 жылы Бакудагы "Elm və təhsil" басма үйүндө төрт – азербайжан, англис, түрк жана орус тилдеринде жарык көргөн.

Пикир

Оставить комментарий