Руслан Акундун "Апамды издеп 2" тасмасы Түркияда тартылды, жакында чоң экранга чыгат

Маданият 0

Бишкек, 11.01.19. /Кабар/. Режиссер Руслан Акундун "Апамды издеп" тасмасынын уландысы Түркияда тартылды. Режиссер тасма тууралуу hurriyet.com.tr басылмасына маек курган.

Тасманын биринчи бөлүмүндө апасын издеп Америкага кеткен балдар үйүндө тарбияланган Азамат аттуу бала көрсөтүлөт. Ал Америкада дос күтүп, кызыктуу окуяларга туш болот. Бирок, тилекке каршы Азамат Америкадан издеген апасын таба алган эмес.

"Тасманын экинчи бөлүгүндө мурунку эле каармандар бар. Бирок, бул ирет алар Түркияга келишет. Эпилепсия менен ооруган досторуна оорукана издеп жүрүп бир тасма жылдызынын аркасынан куугунга түшүшөт. Тасмада кыргыз, казак жана америкалык 4 достун окуясы баяндалат. Алардан башка Анталиялык актерлор ойношот. Анталияда мыкты актерлор көп экенин билип катуу таң калдым", - дейт Руслан Акун маегинде.

Белгилей кетсек, Руслан Акун "Салам Нью-Йорк", "Апамды издеп", "Көк бөрү" жана башка тасмаларда режиссерлук кылган.

"Апамды издеп 2" тасмасы 2019-жылдын 7-февралынан тарта чоң экранда көрсөтүлө баштайт.

Пикир

Оставить комментарий