Бишкек, 29.09.17. /Кабар/. Жалал-Абадда таштанды таштоочу жайдан 75 жаштагы эркек адамдын сөөгү табылган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 28-сентябрда болжол менен саат 14:00 чамасында 4 куткаруучу Кара-Көл шаардык таштандык ташочу жайдан 1942-жылы туулган М.Б., аттуу жарандын жансыз денесин табышкан. Маркумдун сөөгү ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Териштирүү иштери жүрүүдө.
Пикир
Оставить комментарий