• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Ошто медициналык борбор ооруканаларга 8 кычкылтек концентраторун берди

Аймак 0

Бишкек, 29.07.20. /Кабар/. Бүгүн, 29-июль күнү "ЮРФА" медициналык борбору Ош шаарынын жана Ош облусунун саламаттык сактоо мекемелерине 8 кычкылтек концентраторун берди.

"ЮРФА" медициналык борборунун Ош шаарындагы филиалынын координатору Абдуваит Алиевдин айтымында, 2 ай бою айрым жарандар үчүн рентгенографиялык изилдөө акысыз жүргүзүлөт:

- Обсервация, изоляция, стационарлардын кызыл зоналарында иштеген медицина кызматкерлер, ыктыярчылар үчүн;
- I жана II топтогу мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн;
- Согуштук аракеттердин бардык катышуучулары (Афган жана Баткен окуялары) жана Чернобыль АЭСиндеги аварияны жоюуга катышкан жарандар үчүн;
- 70 жаштан улуу пенсионерлер үчүн;
- "Баатыр эне" ордени сыйлыгынын ээлери үчүн;
- мамлекеттик балдар үйүндө, үй-бүлөлүк балдар үйүндө, үй интернаттарында жашаган жетим балдар, ата-энесинин асыроосуз калган балдар үчүн;

Ошондой эле жеке ишкерлер жана жергиликтүү тургундар Мунарбек Иса жана Тилек Токтогазиевдин жардамы менен Ош облустук ооруканасына (120 орунга эсептелген), Ош шаардык ооруканасына (96 орун) жана Кара-Суу райондук ооруканасына (38) кислороддук станция орнотушкан.

Пикир

Оставить комментарий