• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Жалал-Абаддагы Байзаков көчөсү кеңейтилди

Аймак 0

Бишкек, 05.11.19. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын Түмөнбай Байзаков көчөсүндө жолду кеңейтүү иштери аяктап, ал бүгүн пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынан билдиришти.

Жолду кеңейтүү иштери ушул жылдын июнь айында башталып, октябрь айынын аягында толугу менен бүткөрүлгөн.

"Буга чейин аталган көчө талапка жооп бербей, жолдо автоунаа тыгындары болуп келген. Аны менен бирге жөө адамдар үчүн да шарт жок болчу. Оңдолгон жолдун узундугу 675, туурасы 16 метрди түзөт. Анда жөө адамдар үчүн да ыңгайлуу шарттар каралып, жарыктандыруу орнотулган. Мындан тышкары коопсуздукту сактоо максатында керектүү жол белгилери орнотулган. Бүгүн анын ачылуу аземи болуп, ага калаа башчысы Мураталы Тагаев, мекеме-ишканалардын башчылары жана шаар тургундары катышты", - деп билдиришти Жалал-Абад шаарынын мэриясынан.

Белгилей кетсек, жолду кеңейтүүгө Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетинен 27 миллион сом акча каражаты каралган. Анын тендердик наркы 22 миллион 393 миң сом деп бааланган.

Пикир

Оставить комментарий