Бишкек, 30.06.23. /Кабар/. Нарын шаардык "Таза Нарын" муниципалдык ишканасынын базасына вакумдук шыпырып-тазалоочу техника алынды. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, техниканын баасы 5 млн 300 миң сомду түзөт (анын ичинен 290 миң сом өздүк салым). Каражат Нарын облустук "Теңир Тоо" өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн.
Вакумдук техника тротуларларды шыпырып, карын түртүүгө, жол жээктерин тазалап, арыктарды тазалоого, кышкысын жолго туз себүүгө колдонулат.
Пикир
Оставить комментарий