• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

30-июнга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 30.06.23. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору бүгүн, 30-июнга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө, Талас, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +27…+32, Талас облусунда +26…+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +30…+35, Ысык-Көл, Нарын облустарында +22…+27 градус болушу күтүлөт.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +28…+30 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий