Бишкек, 01.03.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. "Тазалык" муниципалдык ишканасы үчүн 17 бирдик атайын техника сатылып алынган. Бул тууралуу Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымына караганда, автопаркты толуктоонун аркасында шаар жеке компаниялардан көз каранды эмес.
"Биз атайын датчиктери бар таштанды контейнерлерин орнотууну пландап жатабыз, алардын ишин операторлор көзөмөлдөп, "Тазалык" МИсине толуктугу тууралуу билдиришет. Өз кезегинде бригада ыкчам тартипте таштандыларды чыгарат", - деди мэр.
Пикир
Оставить комментарий