• 89.43
  • 96.86
  • 0.95

Токмокто тамырын кесип, 9-кабаттан боюн таштоого аракет кылган жаран куткарылды

Коом 0

Бишкек, 13.07.22. /Кабар/. Токмокто өз жанын кыюуга аракет кылган жаран куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Токмокто 40 жаштагы жаран кан тамырын кесип, жаңы курулуп жаткан имараттын 9-кабатынан секирип, жанын кыюуга аракет кылып жаткан жеринен куткарылды.

"Окуя саат 20:32 чамасында Токмок шаарынын Жантаев көчөсүндө болгон. Жерине өрткө каршы куткаруу кызматынын 4 куткаруучусу тартылып, өз өмүрүн кыюуга аракет кылган жаранды 9-кабаттан түшүрүп, биринчи медициналык жардам көрсөткөн соң милиция кызматкерлерине жана тез жардам кызматына өткөрүп беришкен", - деп айтылат маалыматта.

Алдын ала маалыматка караганда, 1982-жылы туулган С.А. аттуу жаран (эркек) мас абалында болгон.

Пикир

Оставить комментарий