• 84.7
  • 92.91
  • 0.89

"Тазалык" ишканасынын кызматкерлери мамлекетке 7 млн сомдук зыян келтирген

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.10.24. /Кабар/. 7 млн сомдук күйүүчү-майлоочу майларды жеке максатта колдонгон “Тазалыктын” жооптуу кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын "Тазалык" муниципалдык ишканасында текшерүү жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө ишкананын айрым кызматчыларына 7 млн 179 миң 498 сомдук 134,2 тонна күйүүчү-майлоочу майды мыйзамсыз түрдө берүү менен бюджеттик каражатты коротуп жиберген фактысы аныкталган.

Такталгандай, "Тазалык" МИнин жооптуу кызмат адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы туруп, Кыргызстандын колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарын одоно түрдө бузуп, 2022-2024-жылдарда мыйзамсыз буйруктарды чыгарып, ишкананын айрым кызматчылары менен жеке автоунааларын кызматтык максатта пайдалануу жөнүндө формалдуу келишимдерди түзүп алышып, күйүүчү-майлоочу майларды өздөрүнүн жана башка кызматчылардын жеке кызыкчылыктарына колдонуп келишкен.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен шаардык прокуратура тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" жана "Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды.

Пикир

Оставить комментарий