Бишкек, 06.12.24. /Чолпон Жумалиева – Кабар/. "Тазалык" муниципалдык ишканасынын айдоочулары үчүн ашкана салынды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Муниципалитеттин маалыматына ылайык, ашкана жылуу пол, телевизор, жаңы эмеректер менен жабдылып 50гө жакын кишиге ылайыкталган.
Ашкана толугу менен "Тазалык" муниципалдык ишканасынын жумушчулары тарабынан курулган.
“Кышкы мезгилде кар күрөгөн жана туз чачкан техникаларды айдаган жумушчулар күнү-түнү иштеген учурлары көп болот. Ушундай учурда аларга жылуу ашкана жана тамак аш чоң деп берет. Андан тышкары, шаар ичине кышкысын кызматкерлер жылынып, ысык чайын ичип алууга ылайыкталган кабиналар да коюлган”,- деп “Биринчи радионун” түз эфиринде "Тазалык" муниципалдык ишканасынын директору Жолдош Чуштуков билдирген.
Белгилей кетсек, ашкана эмеректер жана керектүү тиричилик техникалары менен камсыздалган.
Пикир
Оставить комментарий