• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

"Тазалыктын" абоненттик базасы 700 миңден ашты – мэр

Коом 0

Бишкек, 21.06.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттарга борбордун социалдык-экономикалык абалы жана муниципалитеттин административдик-аймактык реформанын алкагында аткарылган иштер тууралуу айтып берди.

Калаа башчысынын айтымында, учурда "Тазалык" ишканасы тарабынан катуу калдыктар үчүн абоненттик базаны көбөйтүү жана башка ишканалардын кирешелерин көбөйтүү иштери жүрүп жатат.

“2024-жылдын 1-июнуна карата "Тазалык" муниципалдык ишканасынын абоненттик базасы 789 112 адамды түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу 250 миң адамга көбөйдү. Ал эми, чарба жүргүзүүчү субъектилер боюнча абоненттик база 15 миң 52 чарба жүргүзүүчү субъектилер менен келишим түзүлүп, 4 миң 981ге көбөйгөн”, - деди мэр.

Пикир

Оставить комментарий