• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте Сауд өнүктүрүү фонду ишке ашырып жаткан долбоорлор талкууланды

Коом 0

Бишкек, 02.09.22. /Кабар/. Кечээ, 1-сентябрда КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Сауд өнүктүрүү фондунун башкы аткаруучу директору Султан Аль-Маршадды кабыл алды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-сауд мамилелеринин жогорку динамикасын канааттануу менен белгилеп, Сауд өнүктүрүү фонду менен биргеликте Кыргызстандагы билим берүү, саламаттыкты сактоо, айыл чарба, инфраструктураны өнүктүрүү жана башка тармактарда ишке ашырылып жаткан долбоорлорду талкуулашты.

Кулубаев саудиялык тарапка калктын бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган маанилүү социалдык-экономикалык объектилерди курууда көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, Сауд өнүктүрүү фонду менен кызматташууну мындан ары арттырууга даяр экендигин билдирди.

Өз кезегинде Аль-Маршад Кыргызстан фонд үчүн артыкчылыктуу өнөктөш өлкөлөрдүн бири экендигин белгилеп, мектеп куруу, жеткиликтүү турак жайларды салуу жана таза суу менен камсыздоо сыяктуу бир катар долбоорлорду биргеликте жүзөгө ашыруу ниетин билдирди.

Белгилей кетсек, башкы аткаруучу директор Султан Аль-Маршад Кыргызстанга Бишкек шаарындагы № 97-орто мектептин ачылыш аземине жана № 3-балдар ооруканасынын жаңы имаратынын курулушуна капсула салууга катышуу максатында келген.

Пикир

Оставить комментарий