• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

“Тазалыктын” директору Октябрь районунан таштандыны толук чыгарууга 10 күн убакыт берүүнү суранды

Коом 0


Бишкек, 19.06.23. /Кабар/. Тазалык" муниципалдык ишканасынын директору Рамиз Алиев Октярь районунан таштандыны толук чыгарууга 10 күн убакыт берүүнү суранды.

Анын айтымында, борбор калаадагы эл жыш жайгашкан районду кабыл алуудан кийин иш графигин жөнгө салуу, кошумча жумушчуларды кабыл алуу процесстерине убакыт талап кылынууда. Натыйжада райондо таштанды алып чыгуу убактысынан кечигип, жумуш күчүнүн жетишсиздиги байкалууда. Ишкананын кызматкерлери күнү-түнү иштеп, бирок жетишпей жатышат.

“Сиздерден кечирим сурайм жана бир аз убакыт берүүңүздөрдү суранам. 10 күн ичинде таштандыны толук чыгарабыз”, - деп кайрылды Рамиз Алиев Октябрь районунун тургундарына.

Эскерте кетсек, 14-июндан тарта Октябрь районун “Тазалык” ишканасы тейлей баштаган, анткени буга чейин аталган аймакты тейлеген “БишкекВторРесурс” ишканасы өз милдеттерин аткарбай, келишим токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий