• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Тажикстан түштүгүндө эки киши минага жарылып каза болду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 19.10.18. /Кабар/. Тажикстандын түштүгүндөгү Шамсиддин Шохин районунда эки киши минага жарылып мерт болду. Трагедия 18-октябрда болгон.

Тажикстан ИИМи билдиргендей, 22 жаштагы Орзу Содиков жана 29 жаштагы Зухуршо Рахматов аң уулап жүрүшүп, жөө жүрүүчүлөргө каршы коюлган “Лепесток” минасын басып алышкан. Жардыруучу заттын бул түрү 80-жылдары совет өндүрүшүнөн чыккан жана биринчи жолу Ооганстанда колдонулган.

Окуя болгон жерде тергөө тобу иштеп жатат.

Былтыр май айында “Лепесток” минасынан эки бир тууган өспүрүм жаракат алган. Окуя 2005-жылы орусиялык чек арачылар жайгашкан Хучак деген жерде болгону маалымдалган.

Минага каршы программага ылайык, чек арага жакын бул аймак 2015-жылга чейин эле жардыруучу заттардан арылтылышы керек болчу, бирок иш соңуна чыкпай келет.

Акыркы жыйырма жылда Тажикстанда 374 киши минадан набыт болуп, дагы 485и жараат алган. Аймактарды минадан тазалоо учурунда эки тажик сапёру жан берген, 20дай аскер жаракат алган.

Пикир

Оставить комментарий