• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Тажикстанда Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов жолугушту. Эмнелер талкууланды?

Саясат 0

Бишкек, 01.12.23. /Кабар/. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстадын Өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимовдун жолугушуусу болуп өттү.

КР министрлер кабинетинен билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу бүгүн Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө жетекчилер кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун ишине оң баа беришти жана калган тилкелерде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын долбоордук линиясынын өтүүсүнүн сыпаттамасын аяктоо боюнча ишти активдештирүү зарылдыгын белгилешти.

Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайда өттү.

Пикир

Оставить комментарий