Бишкекте мыйзамсыз хирургиялык операцияларды жасаган салон аныкталды

Коом 0

Бишкек, 01.12.23. /Кабар/. Бишкекте мыйзамсыз хирургиялык операцияларды жасаган сулуулук салону аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, министр Алымкадыр Бейшеналиевдин көрсөтмөсүнө ылайык, министрликтин адистери мыйзамсыз медициналык ишмердүүлүктү аныктоо боюнча рейддердин алкагында мыйзамсыз хирургиялык кийлигишүүлөрдү, анын ичинде липосакция жана блефаропластика жасаган сулуулук салонунун ишин токтотушту. Инстаграмм аккаунту: @21_beautystudio.kg.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен тиешелүү лицензиясы жок орто билимдүү адиске (фельдшер) айып пул салынды. Ошондой эле бардык материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 152-беренесинин мыйзамсыз медициналык ишмердүүлүк, ошондой эле лицензиясыз иш жүргүзүү боюнча 218-беренесине ылайык, андан аркы баа берүү жана иликтөө үчүн Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилди. Бул чаралар медицина тармагында мыйзамдуулукту бекемдөөгө жана бейтаптардын коопсуздугун камсыздоого багытталган.

Калктын саламаттыгына кам көрүү, ошондой эле сапатсыз медициналык жардамды болтурбоо максатында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги медициналык ишти жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген тиешелүү лицензиясы бар жеке медициналык уюмдарга кайрылууну сунуштайт.

Министрлик аталган кызматтарды көрсөтүү менен медициналык ишмердүүлүккө лицензиясы бар жеке медициналык уюмдардын тизмеси менен Саламаттык сактоо министрлигинин расмий сайтынын “Медициналык жана фармацевтикалык кызмат көрсөтүүлөрдү лицензиялоо” бөлүмүнөн шилтеме аркылуу таанышууга болорун эскертет.

Пикир

Оставить комментарий