• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

15-октябрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 14.10.21. /Кабар/. Эртең, 15-октябрда, өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Кыргызгидромет борбору билдиргендей, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 14…19 градус, Талас облусунда түнкүсүн -1...+4, күндүз 11…16 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 11…16, Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 12…17 градус жылуу болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы ​түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23 градуска чейин жылуу болушу күтүлүүдө.

Борбор калаабыз Бишкекте 15-октябрда күн ачык болуп, жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5, күндүз 16…18 градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий