Бишкек, 19.08.19. /Кабар/. Тажикстанда пайдаланылган 500 миңге жакын электр үнөмдөөчү лампаларды кайра иштетүү маселеси чоң маселеге айланды. Учурда алар атайын кампаларда сакталып турат.
Өлкөнүн Айлана-чөйрөнү коргоо комитетинен билдиришкендей, жаратылышка зыян келтире турган мындай лампаларды кайра иштетүү үчүн чет өлкөдөн кымбат баалуу атайын жабдуулар сатылып алынган. Бирок азыр аларды иштетүүгө өлкөдө адистер жок болууда.
Өз булактардын айтымында, учурда мекеме өкмөткө расмий кат жолдоп, тиешелүү адистерди даярдоо маселесин көтөрүүдө.
Дарыгерлер электр үнөмдөөчү лампалардагы сымап олуттуу ооруларды пайда кыларын эскертишүүдө. «Бүгүнкү күндө мындай лампалар тиричилик таштандыларынын арасында жатат. Алар адамдын саламатттыгына чоң зыян алып келүүдө», — деди душанбелик дарыгерлердин бири.
Комитеттин адистери электр үнөмдөөчү лампаларды колдонгондон кийин таштандыга таштоого тыюу салынарын жана бул үчүн айыппул каралганын белгилешүүдө. Алардын айтымында, быйыл алты айдын ичинде мындай аракеттер үчүн 100 адамга 28 миң сомони (3 100 доллар) өлчөмүндө айыппул салынган.
Маалыматка караганда, 2011-жылдан 2019-жылга чейин өлкө боюнча жалпысынан 474 миңден ашык пайдаланылган электр үнөмдөөчү лампалар чогултулган. Учурда шаарлар менен район борборлорунда мындай лампаларды кабыл алуу жайлары иштейт.
Тажикстанга электр үнөмдөөчү лампалар негизинен Россия менен Кытайдан алынып келинет.
Пикир
Оставить комментарий