• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Тажикстанда селден улам бир киши каза болду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 15.05.20. /Кабар/. 14-май күнү кечинде Тажикстандын Хатлон облусундагы Хуросон районунда сел жүрүп, 55 жаштагы жергиликтүү тургун каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар боюнча комитети билдирди.

Мекеменин аймактык бөлүмү суу райондогу эки айыл аймагын каптап, ондон ашык турак-үй зыянга учураганын билдирди. Ушу тапта келтирилген зыяндын көлөмү эсептелүүдө.

Маалыматка караганда, 14-майдагы нөшөрлөгөн жаандан кийинки селден Вахдат шаары да зыянга учурады. Элок жана Кофарнихон дарыяларындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, 200 метрлик унаа жолду каптады. Аймакта 19-майга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөрү кабарланууда.

Быйыл 21-мартта да Хуросон районун суу каптап, талаада иштеп жүргөн 59 жаштагы жергиликтүү тургун каза болгон. 200дөн ашык үйдү жана короолорду суу каптаган.

Пикир

Оставить комментарий