• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Тажикстанда велотуристтердин өлтүрүлүшү боюнча сот жабык өтүүдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 24.10.18. /Кабар/. 23-октябрда Дүйшөмбү шаарынын №1 убактылуу кармоочу жайында төрт чет өлкөлүк туристтин өлтүрүлүшү боюнча козголгон кылмыш ишин кароо башталды.

Тажикстан Жогорку сотунун көчмө жараяны жабык өтүүдө.

Бул иш боюнча 17 киши айыпталууда. Туристтерге түздөн-түз кол салган беш кишинин ичинен Хусейн Абдусамадов гана тирүү калган, төртөө болсо атайын операция учурунда өлтүрүлгөн. Айрым айыпталуучуларга кылмышты жашырганы үчүн иш козголгон.

29-июлда Дангара районунда кылмышкерлер велосипедчен чет өлкөлүк туристтердин тобун автоунаа менен сүздүрүшкөн. Анда Голландия менен Швейцариянын бирден жана АКШнын эки жараны мерт болгон, дагы эки чет өлкөлүк жараат алган.

Тажик өкмөтү төрт туристтин өмүрүн алган кол салуу боюнча өлкөдө тыюу салынган "Ислам кайра жаралуу партиясын" күнөөлөгөн. Бул партиянын жетекчилиги болсо тажик бийлигинин дооматтарын “уятсыз жалганчылык” деп атаган. Бирок кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу өзүнө алган.

Пикир

Оставить комментарий