• 87
  • 90.41
  • 0.84

Тажикстанда жаңы төрөгөн аялдын өлүмү иликтенет

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 10.08.20. /Кабар/. Тажикстанда прокуратура 16-июлда Файзабад шаарында төрөт учурунда кайтыш болгон 30 жаштагы келиндин өлүмүн иликтөөдө.

Маркум Фарида Шарифованын туугандары келин төрөтканага өз толгоосу менен барганын айтышып, ал дарыгерлерин шалаакылыгынан каза болду деп эсептешет. Алар бул окуяны терең иликтөөгө көмөктөшүүнү сурап, президентке жана Саламаттык сактоо министрлигине кат жазышты.

Фариданын тууганы Зубайда Шарифова дарыгерлер келинге толгоону ылдамдата турган «окситоцин» препаратын сайганын билдирүүдө.

Бул версияны акушер четке кагып, эне жана баланын өмүрүн сактап калуу үчүн бардык аракеттер көрүлгөнүн айтууда.

Акушер Шаркия Мирзоеванын билдиришинче, Фарида жүрөк оорусунан улам өлгөн.

Тажикстандын Саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан коргоо министрлиги эгер маркумдун туугандары өлүмдүн чыныгы себебин билүүнү кааласа, сөөктү соттук-медициналык экспертизага берүү зарылдыгын маалымдады.

Келиндин баласын да сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, Тажикстанда орто эсеп менен 100 миң кош бойлуу аялдын 24ү төрөт учурунда көз жумат.

Пикир

Оставить комментарий