• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Өзбекстанда бир күн ичинде коронавирус 247 адамдан табылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 03.11.20. /Кабар/. Өзбекстанда бир күн ичинде коронавирус 247 адамдан табылды. Бул тууралу Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Ошол эле учурда коронавирустан 205 бейтап айыккан, 3 киши каза болгон.

Учурда Өзбекстанда коронавирусту жуктургандардын саны 67 миң 501ге жетет. Алардын ичинен 64 миң 671 адам айыккан, 573 адам каза болгон.

Бүгүнкү күнү Өзбекстандын ооруканаларында 2 миң 257 бейтап дарыланууда.

Пикир

Оставить комментарий