КР элчилигинин кызматкерлери Тажикстанда жазасын өтөп жаткан кыргыз жарандары менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 10.05.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 6-7-майында Кыргызстандын Тажикстандагы элчилигинин кызматкерлери Тажикстанда жаза өтөө мекемелеринде жазасын өтөп жаткан Кыргызстандын жарандарынын укуктарын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, Тажикстандын Вахдат шаарындагы 1-ЖӨМ, Душанбе шаарындагы 4-ЖӨМ жана Явон районундагы 6-ЖӨМ жазасын өтөп жаткан Кыргызстандын 4 жараны менен жолугушуу өткөргөн.

КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, иш сапардын жүрүшүндө элчиликтин кызматкерлери жазасын өтөп жаткан кыргыз жарандарын кармоонун шарттары менен таанышкан. Кыргызстандын соттолгон жарандарына алардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын комплекстүү коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилген.

"Мындан тышкары, мекемелерге баруунун алкагында элчилик тарабынан Тажикстандын компетенттүү органдары менен өз ара байланышта Кыргызстанда жашаган туугандары менен соттолгон КР жарандарынын видео байланышы уюштурулган", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий