• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

Тажикстанда жугуштуу вирустан улам Кытай жарандарынын өлкөгө киришин чектөө сунушталууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 22.01.20. /Кабар/. Тажикстан Саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан коргоо министрлиги өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине жана Туризм комитетине коркунучтуу вируска байланыштуу Кытай жарандарынын өлкөгө киришин чектөөнү сунуштады.

Эки күн мурун Кытайдын Саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитети 2019-nCoV вирусу кишиден кишиге жугушу ыктымал экенин тастыктады. Бул өлкөдө өпкөнү сезгенткен жаңы вирустан төрт киши көз жумду. Илдетти жуктуруп алгандарын көбү Ухань шаарынын жашоочулары. Бул арада Шанхай, Пекин шаарларында жана Гуаньдун провинциясында да ооруга чалдыккандар аныкталды. Алардын баары Уханга барышкан.

Кытайдан тышкары Таиландда, Японияда жана Түштүк Кореяда жалпысынан 220 адам бул белгисиз вирусту жугузуп алганы маалым болду.

Тажик бийлиги Кытайдагы вирус тууралуу маалымат тарагандан кийин аэропорттордо жана чек ара өткөрмө бекеттеринде көзөмөл күчөтүлгөнүн билдирди.

«Чек ара өткөрмө бекеттеринде санитардык-карантин посттору бар. Кандайдыр бир вирус аныкталса, көзөмөл күчөтүлүп, алар күнү-түнү иштөө режимине өтөт. Ар бир аэропортто заманбап дарт аныктоочу аппараттар бар. Кытайдан келген ар бир жүргүнчү дарыгерлердин кароосунан өтүп жатат. Эгер вирустун белгилери табылган учур катталса, жаран атайын машине менен инфекциялык ооруканага жеткирилет», – деди саламаттык сактоо министринин орун басары Мирхомуддин Камолзода.

Чиновник тажик жарандарына кайрылып, кыраал турукташканга чейин Кытайга барбай турууну сунуштады.

Тажикстан Саламаттык сактоо министрлиги ТИМ жана Туризм комитетинен жакында Тажикстанга келген Кытай жарандарыны аты-жөнүн жана даректерин тактоону, аларды көзөмөлдөн өткөрүүнү сурады.

Пикир

Оставить комментарий