• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

Тажикстандын кол салуусу. Баткенде жабыркагандардын саны 185ке жетти

Ден соолук 0

Бишкек, 20.09.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 20-сентябрга алынган маалыматтарга караганда, Баткен облусундагы саламаттык сактоо уюмдарына жалпы 185 адам кайрылган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин Баткен облусу боюнча координатору Арзыбек Бөрүбеков билдирди.

Анын айтымында, 185 жарандын 21ине амбулатордук жардам көрсөтүлгөн.

“164 адам стационардык дарыланууда. Бишкек жана Оштогу саламаттык сактоо мекемелерине 104 бейтап которулган. Бишкектеги Улуттук госпиталда 75, Улуттук хирургия борборунда 8, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 8, Тез жардам ооруканасында 9, Ош облустук бириктирилген ооруканасында 4 бейтап дарыланууда”, - дейт ал.

Бөрүбеков бардык жабырлануучуларга керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, кандын компоненттери, дары-дармектер жана медициналык буюмдар жетиштүү санда бар экенин белгилейт.

“Баткен облусундагы куралдуу кагылыштан каза болгондордун жалпы саны 59 адамды түзөт”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий