Тажикстандын кол салуусу. Бийлик кыйраган айылдарды калыбына келтирүү планын даярдоодо

Коом 0

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам Баткен облусунан качып чыккан 123 миң 345 адам үйлөрүнө кайтып келишти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, кагылышуу учурунда жалпы 136 миңден ашык адам туруктуу жашаган жайларын таштап кетишкен.

Куралдуу жаңжал учурунда 630 үй талкаланган, анын ичинен 425и кайра курууга муктаж. Социалдык инфраструктураларга дагы ири зыян келтирилген, башкача айтканда 11 административдик имарат, 12 мектеп, 12 бала бакча, 4 медициналык мекеме жана башка жүздөгөн айыл чарба объектилери ураган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан үй-жайсыз калгандар үчүн убактылуу турак-жай уюштурулду – 8 мекемеде 64 бөлмө жана жергиликтүү тургундардын 218 үйү. Объектилерди баалоо жана калыбына келтирүү иштери уланууда. Ишке куткаруучулар, ыктыярчылар жана атайын техникалар тартылган.

Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жаңжал чыккан аймакты кыдырып, калыбына келтирүү иштери менен таанышты. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, өкмөт башчысы Баткен районунун Капчыгай, Ак-Сай, Миң-Өрүк жана Достук айылдарына барды.

“Капчыгай айылында дээрлик бардык үйлөр талкаланган. Биз жаңы үйлөрдү курабыз, аларды инфраструктура менен, анын ичинде таза суу, көчөлөрдү жарыктандыруу, асфальтталган жолдор менен камсыздайбыз. Бул жаңы айыл болот, тиешелүү башкы план иштелип чыгышы керек”, - деген Жапаров тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына тапшырмаларды берди.

1-октябрда Тажикстандын куралдуу агрессиясынын натыйжасында Баткен жана Ош облустарындагы талкаланган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын биринчи отуруму өтөт.

Пикир

Оставить комментарий