Бишкек, 19.09.22. /Кабар/. Тажикстандын куралдуу кол салуусунан набыт болгон кара-балталык Эрлан Турсунбаевдин сөөгү Токтогул районуна коюлат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Кара-Балта шаарынын мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аскерди акыркы сапарга узатуу зыйнаты Кара-Балта шаарында өттү, ал эми сөөгү Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна жерге берилет.
Чек ара заставасынын начальниги Эрлан Турсунбаев үй-бүлө кура элек болчу. Атасы Нурадин Турсунбаев 2012-жылы, улуу агасы Малик Турсунбаев 2008-жылы каза болгон.
Шейит кеткен аскердин артында апасы Эркин Ормушова, эжеси Жибек Турсунбекова жана иниси Алмаз Турсунбаев калды.
Пикир
Оставить комментарий