• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Тажикстандын кол салуусу. Аламүдүндө Мирлан Какеевдин сөөгү жерге берилди

Кырсык 0

Бишкек, 19.09.22. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан шейит кеткен Мирлан Какеевдин сөөгү Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Константиновка айылында жерге берилди.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына Аламүдүн районунун акими Бактыбек Кочкоров катышты.

Мирлан Какеев 1988-жылы 8-мартта туулган. Какеевдин артында эки баласы, жубайы калды.

Ал 2022-жылдын июнь айынан тартып Баткен облусундагы 707 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп келген.

"Кабар" маалымат агенттиги шейит кеткен Мирлан Какеевдин жакындарына, туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда мерт кеткендердин саны 59га жетти, дагы 163 киши жабыркады.

Пикир

Оставить комментарий