• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жол кырсыгынан ырчы Бекжан Темирхан каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 11.11.22. /Кабар/. Боом капчыгайындагы жол кырсыгынын кесепетинен ырчы Бекжан Темирхан каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 11-ноябрга караган түнү саат 22:30да Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 118-чакырымында орун алган. Кырсыктын кесепетинен унаа оодарылып, болжол менен 100 метр бийиктиктеги жардан кулап кеткен.

Алдын ала маалыматтар боюнча, “Мерседес” унаасынын айдоочусу У. уулу Т. рулду башкара албай калган. Алган жаракаттарынан улам айдоочу Кемин райондук ооруканасына жаткырылган. Ал эми унаанын Т. уулу Б. аттуу (ырчы Бекжан Темирхан) жүргүнчүсү окуя болгон жерде каза болгон.

Учурда экспертизалар дайындалып, окуянын чоо-жайы такталууда.

Пикир

Оставить комментарий