Цинхай провинциясында Кыргызстан-Кытай соода-экономикалык жолугушуусу өттү

Экономика 0

Бишкек, 26.07.23. /Кабар/. Бүгүн, 26-июлда экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев Цинхай провинциясында өткөн Кыргызстан-Кытай соода-экономикалык жолугушуусуна катышты.

Ведомстводон билдиришкендей, Кытайдын Цинхай провинциясы менен бул соода-экономикалык жолугушуу «Ысык-Көл-2023» VII Эл аралык экономикалык форумунун алкагында өттү, ал жагымдуу инвестициялык климатты түзүү жана Кыргызстан менен дүйнө өлкөлөрүнүн экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча күч-аракеттерди бириктирүүгө багытталган.

Малаев быйылкы жыл кыргыз-кытай иш-чараларына эң жогорку деңгээлде, аймактар аралык кызматташтык жана бизнес деңгээлинде дагы бай экендигин белгиледи.

Белгилүү болгондой, 1994-жылдан бери «Кыргызстан-СУАР КЭР» координациялык тобу аймактар аралык кызматташтык деңгээлинде иштеп, аны КР экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев жана КЭР СУАРдын Элдик өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Сун Хунмэй жетектеген.

Соода-экономикалык жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Цинхай провинциясынын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоого кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий