• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Ленин округунан кайра шайлоого катышууга 9 талапкер арыз берди

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 26.07.23. /Кабар/. Бүгүнкү күнгө карата Борбордук шайлоо комиссиясына №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниети менен тогуз талапкерден арыз түштү.

Маалыматка ылайык, төмөнкү жарандар азыр берген:

- 33 жаштагы активист Эртай Искаков;
- 29 жаштагы коомдук ишмер Аскар Алмаз улуу.
- 62 жаштагы "Партия Зеленых Кыргызстана" СП төрагасы Булекбаев Эркин Касымович;
- 40 жаштагы коомдук жана саясий ишмер Ремнёв Роман Павлович;
- 65 жаштагы коомдук жана саясий ишмер Бакир уулу Турсунбай;
- 66 жаштагы пенсионер Асылбеков Куттуубек Бообекович;
- 62 жаштагы врач, хирург-онколог Нышанов Назарбек Айтбекович;
- 69 жаштагы Айыл чарба министрлигинин кызматкери Мамаев Сулайман Шамшиевич;
- 76 жаштагы Аскер ардагери Токтогул Какчекеев.

Белгилей кетсек, аталган талапкерлердин баары өзүн-өзү көрсөтүшкөн.

Эске сала кетсек, буга чейин БШК Ленин округу боюнча ЖК депутатын шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.

Андан соң БШК кайра шайлоону 10-сентябрга белгилеген.

Пикир

Оставить комментарий