• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Макилов: Саат 8:00дөн бери мыйзам бузуулар жөнүндө маалымат түшкөн жок

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 10.01.21. /Кабар/. Жалпысынан үгүт өнөктүгү мезгилинде мыйзам бузуу фактылары жөнүндө 78 маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу брифингде ИИМдин өкүлү Султан Макилов билдирди.

Анын айтуусуна караганда, анын ичинен 11ү кылмыш кодексине, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 57 материал катталган. "Азыркы учурда саат 8:00дөн бери мыйзам бузуулар жөнүндө маалымат түшкөн жок", - деди ал.

Макилов кошумчалагандай, учурда өлкө боюнча 10 миңден ашуун милиция кызматкери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө.

Пикир

Оставить комментарий