• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ленин округунан кайра шайлоо. Беш талапкер катышуу ниетин билдирди

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 17.07.23. /Кабар/. Бүгүнкү күнгө карата Борбордук шайлоо комиссиясына №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниети менен беш талапкерден арыз түштү.

Маалыматка ылайык, төмөнкү жарандар азыр берген:

- 33 жаштагы активист Эртай Искаков;
- 29 жаштагы коомдук ишмер Аскар Алмаз улуу.
- 62 жаштагы "Партия Зеленых Кыргызстана" СП төрагасы Булекбаев Эркин Касымович;
- 40 жаштагы коомдук жана саясий ишмер Ремнёв Роман Павлович;
- 65 жаштагы коомдук жана саясий ишмер Бакир уулу Турсунбай.

Белгилей кетсек, аталган талапкерлердин баары өзүн-өзү көрсөтүшкөн.

Эске сала кетсек, буга чейин БШК Ленин округу боюнча ЖК депутатын шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.

Андан соң БШК кайра шайлоону 10-сентябрга белгилеген.

Пикир

Оставить комментарий