• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

БШК Ленин округу боюнча ЖК депутатын шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 17.06.23. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектин Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Мындай чечим БШКнын жыйынында кабыл алынды.

БШКнын юристи Медина Кутбердиеванын маалыматына ылайык, 5-июнда Борбордук шайлоо комиссиясы талапкер Дамира Ниязалиевага берилген добуштарды жокко чыгарды.

"Бишкектин административдик соту жана Жогорку сот БШКнын чечимин мыйзамдуу деп таап, күчүндө калтырды", - деди ал.

Кутбердиева белгилегендей, Дамира Ниязалиева шайлоодо 35,86% добуш алган. Эгерде шайлоого келгендердин 30 пайыздан көбүнүн добушу жокко чыгарылса, анда шайлоо өткөн жок деп табылат. Бир айдын ичинде жаңы шайлоо дайындалат.

Эскерте кетсек, шайлоо 28-майда өткөн. Алдын ала маалымат боюнча Дамира Ниязалиева жеңген.

Бирок, 29-майда БШК Дамира Ниязалиеванын добуш сатып алуу ыктымалдыгы тууралуу маалымат түшкөндүгүн билдирген. Кийинчерээк аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Пикир

Оставить комментарий