• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бала бакчалардын жетекчилери билим берүү чөйрөсүнүн жаңылоону талкуулашты

Билим 0

Бишкек, 17.07.23. /Кабар/. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери, Бишкек шаарынын райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн, Кыргыз билим берүү академиясынын жана Республикалык педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана даярдоо институтунун кызматкерлери үчүн Мектепке чейинки билим берүү саясаты башкармалыгы “Жаңы чөйрө: бала бакчалардын билим берүү мейкиндигин кантип өзгөртүү керек” деген темада Екатерина Каустованын презентациясын уюштурду.

Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, Москва шаарындагы жеке потенциал программасынын жетекчиси Екатерина Кустова бала бакчалардын билим берүү мейкиндиктерин жаңылоо жана трансформациялоо боюнча эл аралык тажрыйба жөнүндө айтып берди.

Катышуучулар балдарды тарбиялоодо жөнөкөй ыкмаларды жана оюн формаларын колдонууну, мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы педагогикалык ишке карата коомдун мамилесин өзгөртүүнү талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий