• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Текебаев менен Чотоновдун соту күбөнүн келбегенине байланыштуу жылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 6-июль /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. “Коррупция” беренелери менен айыпталып жаткан “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы ӨК министри Дүйшөнкул Чотоновдун соттук процесси жактоочулардын күбөсүнүн келбей калганына байланыштуу кийинкиге жылды.

Мамлекеттик айыптоочу билдиргендей бардык күбөлөргө сотко келүү боюнча чакыруу жөнөтүлгөн. Бирок алар келген жок.

Сот иши 11-июлга саат 14:30 жылдырылды.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-февралында Башкы прокуратура Текебаев менен Чотоновдун үстүнөн “коррупция” жана “алдмачылык” беренелеринин негизинде кылмыш ишин козгогон. Соттун чечими менен учурда алар УКМКнын убактылуу кармоочу жайында кармалууда. Бир катар эксперттер Текебаевдин жактоочулары сот процессин создуктурууга аракет кылып жатышат. Буга анын президенттике талапкерлигин койгондугу себеп болууда дешүүдө.

Пикир

Оставить комментарий