• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Биринчи жарым жылдыкта ишеним телефонуна 729 чалуу келип түшкөн

Коом 0

Бишкек, 6-июль /Кабар/. Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы “111 балдардын ишеним телефонуна” биринчи жарым жылдыкта 729 телефон чалуу келип түшкөн. Алардын 175ин балдар чалган. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун билдиришинче, 729 кайрылуунун 252 - Бишкек, 119 - Ош, 102 - Чүй облусу, 47 - Нарын, 36 - Ысык-Көл, Жалал - Абаддан - 43, Таластан - 19, Баткенден - 34 жана жашыруун 77 телефон чалуу түшкөн.

Аталган мекеменин аткарган жумушунун жыйынтыгында:

Сексуалдык зомбулукка кабылган 1 бала менен сүйлөшүүлөр жүрүп ведомствонун райондук башкармалыгынын көзөмөлүнө алынган;

1 бала апасына, 2 бала чоң энесине кайтарылган:

6 бала жардам берүү борборлоруна жайгаштырылды;

12 балага аз камсыз болгон үй бүлө катары ай сайын төлөнүүчү жөлөк пул бекитилген;

6 оор кырдаалдагы үй бүлөгө, шаардык жана райондук башкармалык тарабынан рейддер жасалып, каттоого алынган;

1 үй бүлөгө азык түлүк жагынан камкордук көрүлгөн;

1 үй бүлөгө материалдык жардам берилди;

4 абонентке медициналык жардам көрсөтүлдү;

2 балага психологдордун жардамы көрсөтүлдү;

1 улгайган жаран социалдык стационардык мекемеге жайгаштырылган;

Күйөөсүнүн таягынан жабыркаган 3 аял кризистик борборлорго жаткырылды.

6 абонентке укук коргоо мекемелери тарабынан кеңеш берилди;

2 балага жардам берилип мектепке орноштурулду;

2 балага багаары жок болгонуна байланыштуу жөлөк пул дайындалды;

112 жардам кызматын чакырган 3 абонентке тиешелүү жардам берилген.

“Балдардын ишеним телефону” 2015-жылдан бери иштеп келет. Анын негизги максаты балдарга алардын ата-энелерине муктаж болгондо психологиялык колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий