• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Улуттук банк мыйзамсыз акча алмаштырган жарандарга айып салды

Коом 0

Бишкек, 19.01.24. /Кабар/. Улуттук банк мыйзамсыз акча алмаштырган жарандарга айып салды.

Финансылык жөнгө салуучу органдан билдиришкендей,КР КРнын лицензия алуусуз нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргызстандын К.Ж.Ө. аттуу жаранына карата 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Андан тышкары, айып пул белгиленген мөөнөттөрдө төлөнбөгөндүгүнө жана туум өлчөмү КРнын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 35-беренесинде көрсөтүлгөн максималдуу мааниге жеткендигине байланыштуу Н.С.Н. аттуу КР жаранына карата укук бузуу жөнүндө иш боюнча туум эсептөө жөнүндө токтом кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий