• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Текебаев жайгашкан жайдагы видеокөзөмөлдөөчү камера имараттын тышына чыгарылат

Өкмөт 0

Бишкек, 11.04.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 11-апрелде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматтын төрагасы Талайбек Жапаровго соттолгон Өмүрбек Текебаев жазасын өтөп жаткан жайдан видеокөзөмөлдөөчү камераны мыйзам чегинде демонтаждоо мүмкүндүгүн карап чыгууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Аталган маселе Өкмөт башчы алдында «Ата-Мекен» парламенттик фракциясынын лидери Алманбет Шыкмаматов тарабынан кечээ, 10-апрелде, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин кеңешмесинде көтөрүлгөн.

ЖАМК төрагасы маалымдагандай, аталган маселе оңдуу чечилет, айыпталган Өмүрбек Текебаевден түшкөн өтүнүч канааттандырылат. Талайбек Жапаров маалымдагандай, видеокөзөмөлдөөчү камера имараттын тышына чыгарылат.

Ошондой эле ал Кыргыз Республикасынын мыйзамы боюнча, камакка алынгандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн аудио-визуалдык техниканын түздөн-түз камераларда орнотулушу каралгандыгын белгиледи

Пикир

Оставить комментарий