• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Техника илимдеринин доктору, профессор Жапар Текенов дүйнөдөн кайтты

Коом 0

Бишкек, 27.11.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, техника илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, КРнын илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Текенов Жапар Текенович 2018-жылдын 26-ноябрында 85 жаш курагында бул дүйнө салды.

Бүгүн УИда маркум Жапар Текенов менен коштошуу зыйнаты болду.

“Жапар Текенович түштүк бөлүмүнүн түзүлүшүнө, өнүгүшүнө, академиялык илиминин тикеленишине ири эмгек жасаган. Ал адилет, акылдуу, пакиза адам эле. Кыргызстандын илими үчүн анын аты жанган жылдыз деп баа берээр элем”, - деп билдирди УИАнын академиги Турар Койчуев.

Ал эми академик Биймырза Токторалиев маркумдун адамгерчилигине, илимдин өнүгүүсүнө, жаш кадрларга кам көргөндүгүн айтып, Жапар Текеновдун өмүрү жаштарга өрнөк экендигин айтты. “Баардыгыбыздын кабыргабыз кайышып турат. Жаткан жери жайлуу болсун. Туугандарына кайрат айтабыз” – деп кошумчалап кетти ал.

Маалымат үчүн: Текенов Ж.Т. 1933-жылы 18-майда Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Сары-Булак айылында туулган.

-1956-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин физика-математика факультетин ийгиликтүү аяктап, аспирантурага кабыл алынып, 1962-жылы кандидаттык диссертациясын коргогон.

-1959-1967-жылдары Өзбекстандын жана Кыргызстандын илимдер академияларында кенже илимий кызматкер, илимий кызматкер, ага илимий кызматкер кызматтарын аркалаган. 1967-1988-жылдары КР ЖОЖдорунда кафедра башчысы, декан кызматтарында иштеген.

-1988-жылы Ош шаарында Түштүк кыргыз илимий окуу борбору түзүлүп, Текенов Ж.Т. лаборатория башчысы жана директордун илимий иштер боюнча орун басары кызматына чакырылат, ал эми 1991-жылдан баштап А.С.Джаманбаев атындагы жаратылыш байлыктарын комплекстүү иштетүү институтунун директору болуп дайындалат.

-1991-жылы Жапар Текенович “Кыргыз Республикасынын отун энергетикалык комплексинде майда класстагы көмүрдү пайдалануунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу” деген темадагы доктордук диссертациясын коргойт.

-1993-жылдан 2013-жылдар аралыгында КР УИА Түштүк бөлүмүнүн төрагасы кызматында иштеди.

Жапар Текенович бүт өмүрүн илимге жана жогорку билимдүү адистерди даярдоого арнады, анын ар түрдүү телолордун, көмүрдүн, аэрозоль бөлүкчөлөрүнүн өз ара контактта таасирленүүсүн изилдөө жыйынтыгында СССРде биринчилерден болуп адгезия күчүн аныктоо усулдары сунушталды. Кыргызстандын начар сорттогу көмүрлөрүн эффективдүү пайдалануунун илимий техникалык негиздерин жана аларды брикеттөө, кесектөөнүн жаны ыкмаларын, усулдарын иштеп чыкты. Көмүрдү отун катары гана эмес, башка максаттарда да пайдалануу жагын изилдеген. Кычкылданган көмүрдөн органикалык жер семирткичтерди алуунун технологияларын иштеп чыгып, алардын илимий негиздерин ачып көрсөткөн. Илимий жыйынтыктардын негизинде 7 илимий монография, 250 илимий макала жарык көрдү, 20 илимий ойлоп табуулар алынды.

Текенов Ж.Т. ушул күнгө чейин А.С.Джаманбаев атындагы жаратылыш байлыктары институтунда башкы илимий кызматкер кызматында эмгектенип келди.

Кыргыз Республикасынын илимине жана билим берүүсүнө сиңирген эмгеги үчүн Текенов Ж.Т.“Элге билим берүүнүн отличниги”, “Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер”, “Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы”, “Даңк” медалы, ж.б. медалдар менен сыйланган. КР Мамлекеттик сыйлыгынын илим жана техника тармагынын лауреаты наамы ыйгарылган.

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президиуму маркумдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Пикир

Оставить комментарий