• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Иши илгерилеген “Кыргыз бетон курулуш” ишканасы

Коом 0


Быйыл Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгы белгиленет. Буга карата өлкө аймагында 100 ишкана ачылары күтүлүүдө. Аталган иш-чарага утурлай “Кабар” агенттиги өлкө аймагындагы өндүрүшү жанданган ишканалар менен тааныштырат. Оболу “Кыргыз бетон курулуш” ишканасы тууралуу айтып беребиз.

“Кыргыз бетон курулуш” ишканасы “Кыргыз индустрия” ААКтын алдында 2022-жылдын август айында түзүлгөн. Компания Бишкек шаарындагы мурдагы В.И.Ленин атындагы заводдо жайгашып, анда курулушка керектүү пенополистирол панелдери чыгарылат. Жабдыктарды монтаждоо иштерин Италиядан келген адистер жүргүзгөн. Завод ишке киргенден тартып жергиликтүү суроо-талапты гана камсыздабастан, экспортко чыгуу мүмкүнчүлүгү да түзүлдү. Ишкананын өндүрүштүк көлөмү бир жылда 422,4 миң чарчы метрди түзөт. Азыркы тапта ишкана жеке компаниялар менен кызматташып, ишмердүүлүгүн ийгиликтүү улантып жаткан кези.

Пикир

Оставить комментарий