• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Темир айылында сел тоодон чоң таштарды агызып келген – сүрөт

Коом 0


Бишкек, 19.08.24. /Кабар/. Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Уланбек Далиев Ысык-Көл районунун Темир айылында барып, селдин кесепеттери менен жеринде таанышты. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган айылда түнкүсүн катуу жааган жамгырдан улам сел айыл аймагына түшүп, бир топ чыгымга алып келген. Анын кесепеттерин жоюуга райондун бардык кызматтары тартылып, Жети-Өгүз, Түп райондорунан да техникалар жөнөтүлгөн.

Бийлик кесепеттерин жоюу жана жабыркагандарга жардам көрсөтүү боюнча бардык чараларды көрүүдө.

Белгилей кетсек, күн мурун саат 21:30дарда катуу жаандан улам Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү, Корумду жана Темир айылдарында сел жүргөн.

Пикир

Оставить комментарий