Темир Сариев: Түрк тилдүү мамлекеттерде аялдардын ишкердиги активдүү өнүгүүдө

Экономика 0

Бишкек, 27.06.24. /Кабар/. Түрк тилдүү мамлекеттерде аялдардын ишкерлиги активдүү өнүгүүдө. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Темир Сариев Ысык-Көлдө өтүп жаткан Түрк тилдүү мамлекеттердин бизнес-форумунда билдирди.

Сариев белгилегендей, Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин бир катар тармактарда өз ара кызматташуусуна чоң мүмкүнчүлүктөр бар.

Анын айтымында, учурда логистика эң маанилүү маселе болуп саналууда.

“Бизнес логистикадан чоң пайда көрөт. Күзүндө Түркмөнстан, Иран, Түркия аркылуу Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу башталат. Муну менен Түркияга, Европага кыска жол ачылат. Ошондой эле жылдын аягына чейин Түндүк-Түштүк альтернативалык жолу бүткөрүлүп, Кыргызстандын түштүк аймактарын Казакстан жана Өзбекстанга жакындатып, Кытайга кеткен эң кыска жолго айланат", - деди ал.

Мындан тышкары, Сариев туризмди инвестициялоого, экологиялык жактан таза продукцияларды өндүрүүгө, жашыл энергетикага (ГЭСтерди жана күн электр станцияларын куруу) жана аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө чакырды.

Ал ошондой эле банк иши жана санариптештирүү темасына токтолуп, Соода-өнөр жай палатасы санарип платформасынын стратегиясын иштеп чыкканын, анда кызматтар онлайн режиминде көрсөтүлүп жатканын белгиледи.

Бизнес-форумга Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин Соода-өнөр жай палаталарынын жетекчилери, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Кыргызстандагы элчиликтердин өкүлдөрү, Түркия, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандан келген ишкерлер катышууда. Байкоочу өлкөлөрдөн: Венгриянын, Түндүк Кипрдин жана европалык палаталардын өкүлдөрү да бар.

Белгилей кетсек, форум башталар алдында катышуучулар кыргыз уз-чебер айымдарынын колунан жасалган буюмдар коюлган көргөзмө менен таанышышты.

Пикир

Оставить комментарий