• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Темир жолчу Алексей Батищев кол күрөш боюнча Азиянын ачык Кубогунда экинчи орунду ээледи

Спорт 0

Бишкек, 15.11.17./Кабар/. Темир жолчу Алексей Батищев кол күрөш боюнча Азиянын ачык Кубогунда экинчи орунду ээледи,-деп билдирет “Кыргызтемиржолу” ишканасынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, мелдешке дүйнөнүн 14 мамлекетинен 300 дөн ашык спортчулары катышты. Алар 10 салмак категориясында күч сынашышты. Ал эми калыстар тобунун курамын Хорватия, Россия, Тажикистан жана Өзбекстандан келишкен тажрыйбалуу калыстар түзүштү.

“100 кг салмакка чейинки “Мастер-класс” категориясында 2-байгелүү орунду калыстар тобу бир добуштан Кыргызстандык спортчу, темир жолчу Алексй Батищевге ыйгарышты”,-деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Казакстандын Тараз шаарында кол күрөш боюнча Азиянын ачык Кубогу жыйынтыкталды.

Пикир

Оставить комментарий