• 85.2
  • 93.37
  • 0.88

Темир жолду бойлой тосмолор орнотулду – сүрөт

Коом 0

Бишкек, 10.10.24. /Кабар/. Темир жолдун боюна темир тосмолор орнотулду. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Мекемеге караган жол чарба филиалынын мындай чаралары кырсыктардын алдын алуу жана калктын коопсуздугунун деңгээлин жогорулатууга багытталган.

Тосмолорду орнотуу адамдардын темир жолдо негизсиз жүрүүсүн азайтат, ошондой эле адамдар менен поезддердин кагылышуу коркунучун алдын алат.

Жалпысынан Сокулук – Бишкек-1 жана Бишкек-1 – Бишкек-2 бекеттеринин аралыгына 10 чакырымга жакын темир тосмолору орнотулду.

Пикир

Оставить комментарий