• 87
  • 90.59
  • 0.86

Темир жолдун курулушу менен Кыргызстан туюк мамлекеттен транзиттик мамлекетке айланат – Мендекеев

Коом 0

Бишкек, 27.12.24. /Чолпон Жумалиева – Кабар/. Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу менен Кыргызстан туюк мамлекеттен транзиттик мамлекетке айланат. Бул тууралуу техника илимдеринин доктору, профессор Раимкул Мендекеев “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Казакстан жана Россия мамлекеттери аркылуу жүк таашууда кыйынчылыктар болуп келсе, эми ошол көз карандылыктан белгилүү бир деңгээлде чыгууга мумкүнчүлүк жаралат.

“Бул жолдун курулушу биздин өлкө үчүн гана эмес, башка мамлекеттер үчүн да абдан маанилүү. Анткени, Азиядан Европага жүк ташуунун мөөнөтү 7 суткага кыскарат экен. Бул 7 суткага кыскарат деген сөз чоң үнөмдөөнү алып келет. Кытайдан Европага ташылып жаткан экспорттук товарлардын 80 пайызы ушул жол менен өтөт деген болжомолдор бар. Ошондой эле транзиттен эле биздин мамлекет жылына 200 млн долларга жакын пайда көрөт деген эсептөөлөр болууда”, - деди Раимкул Мендекеев.

Бул жолдун курулушунун маанилүүлүгүн айткан Мендекеев, Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу аракети 25 жыл мурда 1997-жылдары башталса, мына бүгүн ишке ашканы турганын белгиледи.

“Жол куруу оңой иш эмес, анын жалпы узундугу 486 чакырымды түзсө, баасы алдын ала эсептөөлөр боюнча 4,7 млрд доллардын тегерегинде болот деп айтылууда. Макулдашууда каралгандай каржылоосу жана тиешелүү чеги боюнча Кытай мамлекети 50 пайыз, ал эми Өзбекстан менен Кыргызстанга 24,5 пайыздан деп белгиленген. Жол Кашгар-Торугарт – Макмал – Жалал-Абад -Андижан деген маршрут боюнча өтөт”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий