• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Темиркул Балтабаев ипотекалык үйлөргө колдонулуп жаткан курулуш материалдардын сапатын текшерди

Коом 0


Бишкек, 24.07.24. /Кабар/. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси Темиркул Балтабаев курулуш кампага барып ипотекалык үйлөрдүн курулушунда колдонулуп жаткан курулуш материалдардын жана башка жабдыктардын сапатын текшерди.

"Кыргызстройсервис" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Алмаз Акматов менен биргеликте

Курулушта колдонулуучу материалдар жана жабдыктар ушул кампага алынып келинип курулуш объектилеринен келип түшкөн заявкага ылайык жөнөтүлөт. Быйыл колдонулууга бериле турган турак жай комплекстин автономдуу жылытуучу системасы жакынкы күндөрү кампага келип түшүп, сапаты текшерилип, орнотууга даяр турат. Андан сырткары чет өлкөдөн өндүрүүчү ишкана менен түздөн түз келишим менен сапаттуу жана кепилдиги бар лифттер буюртма менен келип орнотуу иштери башталган.

Темиркул Балтабаев курулуш материалдарды жана жабдыктарды текшерип чыгып жоопкер адисттерге сапатты каттуу көзөмөлдөөнү тапшырды.

Эскерте кетсек, өлкө боюнча ипотекалык үйлөрдүн курулушун «Кыргызстройсервис» мамлекеттик ишканасы жүргүзүп жатат. Ишкананын жетекчиси Алмаз Акматовдун айтымында учарда баардык курулуш объектилерде иш кызуу жүрүп, кээ бир объектилерде иш күнү-түнү жүрүп, быйыл колдонууга берилүүчү батирлердин ремонт иштери жүрүп жаткандыгын айтты. Батирлерге суу түтүктөрү жана башка коммуникациялар киргизилип ички ремонттун да сапатына каттуу көзөмөл жүргүзүлүүдө

Пикир

Оставить комментарий